Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын “Азаттыкка” маалымдашынча, 3-августта Талас облустук соту ырчы Омардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.
Шоу-бизнес жаатында Омар деген ат менен белгилүү Өмүрбек Жанышевди Талас райондук ички иштер бөлүмү “Кыргызстан” партиясын коштоп концерт берүүгө келген жеринен кармап камакка алган. Белгилүү ырчынын кармалышына абырлануучу ишкер Болот Бейшеналиевдин арызы негиз болгон. Анда Өмүрбек Жанышев шериги Нуржанбек Токтогулов менен чогуу өткөн жылы июнда ишкерден 40 тонна төө буурчак, 20 миң доллар акчасын алган боюнча кайра бербей, качып жүргөнү билдирилген.
Талас райондук сотунун чечими менен ал 26-августка чейин камалган. Омар ырчынын продюсери Миргүл Эсеналиеванын айтуусунда, ырчынын бул акчага эч кандай тиешеси жок, ага куру доомат коюлууда. (AzK)