Мамлекеттик Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди. Бүгүн түштөн кийин Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Чорку айылы чектешкен аймакта кишилер топтолуп, жаңжалдашкан. Расмий маалымат боюнча тажик тараптан 120, кыргыз тараптан 80 киши чогулуп, бири бирине таш атышкан. Учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.
Кыргыз жарандары бир топ күн мурун Тажикстан Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салганына нааразы болуп, тажик айылына кеткен сууну бууган. Бир апта мурун суусу токтоп калган Тажикстандын Чорку айылынын тургундары Кыргызстандын аймагына суу куурларын жаткыра баштаганда да эл нааразы болуп чогулган. (SE)