Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Венгрия Сербия менен чек арасына дубал кура баштады

Венгрия -- Дубал курулушунун башталышы, 3-август, 2015.
Венгрия -- Дубал курулушунун башталышы, 3-август, 2015.

Венгер аскерлери Сербия менен чек арага Европа Биримдигинин аймагына кирмекчи болгон мигранттардын агымын токтотуу максатын көздөгөн дубалдын курулушун баштады. Бүгүн өлкө түштүгүндөгү Асоттхалом кыштагында темир түркүктөрдү жерге бекитүү үчүн оор техника колдонулду. Өлкө бийликтери дубалдын курулушун 31-августка чейин бүтүрүүнү мерчемдөөдө. Буга чейин өкмөт ички иштер министрлигине 175 чакырымга созулган чек ара тилкесине төрт метр бийиктиктеги дубал курууга даярдыкты баштоону тапшырган. Будапешт бул чечимин мыйзамсыз миграция агымына каршы туруу деп түшүндүргөн эле. 

Соңку жылдарда Балкан тараптан Венгрияга өткөн мыйзамсыз мигранттардын саны жүз миңди чамалап, алардын 80 пайыздайы согуш жүрүп жаткан Сирия, Ирак жана Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдөн келгени белгилүү болгон.

Еврокомиссия болсо Венгрияга дубал курбоону эскертип, Европадан дубалдар жакында эле алынганын, алар эми кайра тургузулбоосу керектигин белгилеген.

Венгрия тышкы иштер министри Петер Сийярто мунун алдында иммиграция азыр Евробиримдик кабылган олуттуу проблемалардын бири экенин, ЕБ аны чечүүгө аракеттенип жатканын, бирок Венгрия мындан ары күтө албасын айткан.

Кошуна өлкө Сербияны мигранттар адатта транзиттик аймак катары пайдаланышат.

 

XS
SM
MD
LG