Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Кыргыз-тажик чек арасындагы сүйлөшүү майнаптуу болгон жок


Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Чорку айылы чектешкен аймакта 3-август күнү жаңжалдашкан кыргыз жана тажик жарандары жарым түндө таратылды. Тараптар эч кандай чечимге келе алган жок. Эки мамлекеттин жергиликтүү жетекчилери жана күч кызматкерлеринин катышуусундагы сүйлөшүүлөр бүгүн да улантылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын башкы чек ара кайтаруу башкармалыгынын зардалы, полковник Саитжан Эратов билдирди.

Бир топ күн мурун Тажикстан Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салганына нааразы болуп кыргыз жарандары тажик айылына кеткен сууну бууган. Кечээ күнкү жаңжалга ушул окуя себеп болгон.

Расмий маалымат боюнча, чектеш аймакка эки тараптан кошулуп 200дөй адам чогулган. Алар бири-бирине таш ыргытып, Кыргызстан тараптагы төрт үйдүн айнектери жана шыйпырлары сынган. Тажик жарандары бир мал сарайга өрт койгон учурда аны токтотуп калышкан.

Чек аранын эки жагындагы жарандар бир апта мурун да чырлашкан эле. (SE)

XS
SM
MD
LG