Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги биометриканы тездетүүгө кызыкдар


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарандардын биометрикалык маалыматтарын 10-августтан калтырбай тапшырууга чакырууда. Мындай маалыматты “Азаттыкка” элчиликтин 2-катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Анын ырасташынча, Москвадагы Кыргызстан элчилигинин кеңсеси 10-августта эртең мененки тогуздан кечки тогузга чейин үзгүлтүксүз иштейт.

“Учурда Орусиянын аймагында жашаган кыргызстандык шайлоочулардын тизмеси түзүлүүдө. Ал тапшырылган биометрикалык маалыматтарга карап жүргүзүлөт. Биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу 10-августтан кийин токтойт”, - деди Кулукеева.

Биометрикалык маалымат тапшыруу үчүн Кыргызстандын паспорттору (ID-карта, жалпы жарандык паспорт) талап кылынат. Тейлөө акысыз. (МТо)

XS
SM
MD
LG