Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:41

Жаңжалга жакын аймактардан балдар жана аялдар чыгарылууда

Баткен, Көк-Таш айылы
Баткен, Көк-Таш айылы

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш, Таш-Тумшук, Мазейиттин жери жана Көк-Терек айылынын айрым тургундары, балдар жана аялдар коңшулаш айылдарга чыгарылууда. Мындай кабарды “Азаттыкка” Көк-Таш айылынын тургуну Мансур Алиев билдирди.

Анын айтуусунда, айылдан чыгып кетип жаткандардын саны азырынча белгисиз. Ар ким өз унааларына түшүп, коңшу айылдардагы тааныш-туугандарыныкына кетип жатышат.

Учурда Баткендин Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чегинде абал курч. Ок атылып, эки тараптан тең жабыркагандар бар экени кабарланууда.

Баткен районунун Көк-Таш айылы менен Тажикстандын Чорку айылы чектешкен аймакта 3-августта кыргыз жана тажик жарандары жаңжалдашкан.

Ага биртоп күн мурун Тажикстан Көк-Таш айылынын көрүстөнүнө барчу жолду жаап салганына нааразы болуп кыргыз жарандары тажик айылына кеткен сууну бууп салышы себеп болгон. (JsA/МТо)

XS
SM
MD
LG