Кыргыз-тажик чегиндеги чырдан улам облус жетекчилеринин деңгээлиндеги жолугушуу болуп, анын жыйынтыгында аймактагы аралаш жерлерди алмаштыруу зарыл деген чечимге келишти. Жолугушуудан соң өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңишбек Разаков бул сунуш чек араларды аныктоочу комиссияга берилерин журналисттерге билдирди.
Баткендин Тажикстан менен чектеш Май аймагында кыргызстандык жана тажикстандык жарандар топтолуп, эки күндөн бери жер жана суу маселесине байланыштуу жаңжалдашууда. Тараптар бири бирине таш атып, кишилер жабыркаган. Айрым үйлөрдүн терезе, шыйпырлары сынган.
Бүгүн жаңжал болгон жерде эки өлкөнүн күч кызматтарынын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери жолугушууларды өткөрдү. (JsA)