Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Орусия БУУдан Арктикадагы аймагын кеңейтүүнү кайрадан суранды


Орус Тышкы иштер министрлиги бүгүн билдиргендей, сөз бул жерде Түндүк муз океандын жээгиндеги 1,2 миллион чарчы чакырым жер жөнүндө жүрүп жатат.

Москва мындай арызды биринчи ирет 2002-жылы берген, бирок Улуттар уюму анда Орусия каалаган аймак ага таандык экенинин эч кандай далили жок деген жүйө менен артка кайтарган болчу.

Орусиянын азыркы арызы Москва көздөгөн аймак мурдагыдан да кеңейгенин каңкуулоодо. Орусия Арктикага ээлик кыларынын символикалык ишарасын 2007-жылы жасап, анда суу алдында жүрүүчү кемелеринин бири Түндүк уюлда, океан түбүнө орус желеги салынган канистрди таштап кеткен болчу.

Арктиканын бөлүктөрүнө ээлик кылууга Орусиядан башка АКШ, Норвегия, Дания, Канада да талаптанып келүүдө. Алар ээлөөнү көздөгөн аймактарда мунай-газдын ири корлору бар деп болжолдонот. (UE)

XS
SM
MD
LG