“Ислам мамлекети” террордук тобунун кара байрагынын кагаздагы нускасы менен Бишкектин бир топ жерлеринде сүрөткө түшүп, аны интернетке жарыялаган адамдын тек-жайы иликтенет. Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКдан билдиришти.
Ак үйдүн, Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик туунун жана Кыргызстан Ислам университетинин алдында тартылган сүрөттөр “Фейсбук” социалдык тармагына 4-август күнү кечинде жарыяланган. Астында “Халифат жоочулары, силерди Кыргызстанда күтөбүз” деген жазуу бар. Сүрөткө түшкөн кишинин жүзү көрүнбөйт. Аны Гураба Муслимов аттуу пайдалануучу өзүнүн баракчасына жарыялаган.
Он күн мурун кыргызча сүйлөгөн кишинин жихадга чакырган видеокайрылуусу да интернетке чыккан болчу. (SE)