Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Атайын операцияда өрттөнгөн үйлөр үч айда кайра курулат


УКМКнын террористтерге каршы операциясы учурунда толук күйүп кеткен жана жабыркаган Бишкектеги үйлөр 20-октябрга чейин курулуп, ээлерине тапшырылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаарынын вице-мэри Геннадий Милицкий билдирди.

“Учурда жерпайын куюп атабыз. Үч үйдү толук куруп беребиз, дагы үч үйдү оңдойбуз. Бул үчүн беш миллион сом бөлүнгөн. Бирок жалпы курулуш чыгымы он миллион сом деп эсептелүүдө. Калган каражатты дагы караштырабыз”,- деди Милицкий.

Ошондой эле, үйлөрдүн ичинде 3 млн. сомдук мүлк жарактан чыкканын атайын комиссия эсептеп чыкты. Аларды толуктап берүүнү да мамлекет мойнуна алууда. (МТо)

XS
SM
MD
LG