4-августта Кытайдын башкалаасындагы ажаткана тешигинен ымыркай кыз куткарылды.
Beijing Times гезитинин маалымдашынча, наристени дааратканада төрөгөн энеси чүрпөсүн тешикке тыгып качып кеткен.
2013-жылдагы расмий эсеп боюнча, Кытайда жылына 10 миң баланы энеси төрөп таштап кетишет. Алардын көбү кыз же майып балдар. Анын үстүнө өлкөдөгү саясий режим да никесиз көз жарууну колдобостугун Beijing Times басылмасы белгилейт. (BCh)