Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:06

АКШда Ирандын ядролук келишимине каршы мыйзам даярдалды


АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын тышкы иштер комитетинин төрагасы палатага Ирандын ядролук программасы боюнча келишимди четке кага турган мыйзам долбоорун даярдады. Буга чейин конгрессмен Питер Роскам Республикачылар мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн Конгрессте жеткиликтүү колдоо таба алаарын билдирген. Бирок ага президент вето койсо, аны жеңип өтө алышары күмөндүү. Питер Роскамдын айтымында, өкүлдөр палатасынын 434 өкүлүнүн 218и келишимге каршы добуш берүүгө даяр. Өкүлдөр палатасында азчылыкты түзгөн Демократиялык партиянын өкүлү Нэнси Пелоси президенттин мыйзам долбооруна вето койо алар мүмкүнчүлүгүн жаратуу үчүн демократтар Иран менен келишимди колдошо турганын айтууда.

4-августта республикачыл сенатор Митч МакКонелл келишимге каршы мыйзам долбоору тууралуу маалымат берип, Сенаттын ага каршы "добуш берүү ыктымалдыгы" жогору деп айткан.

XS
SM
MD
LG