Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Хижабдан улут маданияты улук


“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын жагымдуу кабарлар менен баштады. “Өрөпкүдүк, эми өсөлү!” деген баш теманын алдында Талды-Булак Сол Жээк кени жыл сайын бюджетке 400 млн. сом, миңден ашык жумуш орду, Бозумчак кени жыл сайын бюджетке 400 млн.сом, миңден ашык жумуш орду, Иштамберди кени жыл сайын бюджетке 267 млн. сом, миңге жакын жумуш ордун" камсыз кыларын ырастаган маалыматтар менен жаңы санын ачты. Гезит булар менен бирге эле ушул айдын аягында "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясы ишке берилерин да кеп кылды.

Ушул эле “Кыргыз туусу” гезити “Мектеп формасына” карата ой-пикирлерди жарыялады.

- Бирдиктүү мектеп форма болбосо, бир эле класстагы балдар арасында социалдык катмарга бөлүнүү башталат, дал ушул бөлүнүү башталган жерден ынтымак, анан барып ыйман качат. Бекеринен биздин ата-бабалар карапайымдыкты улуулук катары баалап келген эмес. Көйрөңдүк менен көпкөндүктүн кесепети жаман болорун билгендиктен аны элден алыстатып, жерип келген. Байлыкка, акчага, мансапка манчыркоо адамдарды, коомду бузат, жикке бөлөт. Дагы бир айтчу нерсе, ыйык Куранды жакшы билбеген, билими тайкы молдокелер хижабды мусулман кийими катары жайылтууда. Бул чындыкка жатпайт. Куранда мусулман кийими, мусулман эместердин кийими деген түшүнүк жок. Мухаммед пайгамбардын осуяты боюнча ар бир улуттун маданияты, каада-салты баарынан улук. Кыргызда 1-класска барган секелек кызга эч качан жоолук салган эмес, кыргызда кыздарга жоолукту күйөөгө тийгенден кийин гана салган, - деп айтты Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиев.

Гезиттин жаңы санына жарыяланган илим доктору Кушбакали Тажибаевдин “Асман түбү алыстыгын көз чаптырган эмес, ой чаптырган адам билет” деген эскерүү баяны мамлекеттик ишмер Тургун Имарованын 100 жылдыгына арналган.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Коркунучтан корколучу” деген макаласын тартуулады. Автор Кыргызстанда террорчулардын коркунучун коштоп, жемкорлуктун арааны күчөп баратканын, жакында булардын катарын депутат Хаджимурат Коркмазов менен президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев толуктаганын, экөөндө тең абийир жоктугун, бөтөнчө өлкөдөгү беш биринчи деген жетекчинин бири болуп туруп акчадан көзү каткан Нарымбаев кыргыздын абийирин дүйнөгө мамлекеттик деңгээлде төккөн номур биринчи ач көз жетекчи болгонун, эми муну да үй түрмөсүнө которуп жиберип тим болбой катуу жазага тартуу керектигин жазды.

Б. Аракеев андан ары карандай дин үстөмдүк кылган жерде илим-билим дегениң талаада каларын, калкты кайрадан караңгылык каптарын, мыйзамчылар жазып беримиш болгон алсыз, былжыраган мыйзамдар болбогондо милийсалар кылмышкерлердин сазайын эбак бермегин, беш маал намазга жыгылымыш болуп, сакал коюмуш болуп, банкка кол салгандар, Сирияга үгүттөгөндөр, хижаб менен паранжыга үгүттөгөндөр көбөйүп баратканын, мындайлар дал ушул намазга жамынгандардан чыгып жатканын, динге бизден да катуу берилген Өзбекстан менен Тажикстандагыдай ашынган динчилдерге тыюу салуу зарылдыгын, антпесе булар ачык эле ашынып баратканын, минтип кыргызды бир тарабы акырындап хижаб, паранжы менен талкалап жатса, бир тарабы аял менен аялды, эркек менен эркекти үйлөнтүп, “Валентин күнү” деген “балээ түнүн” мектепке чейин кийирип жиберип, балдар менен кыздарды көчөгө алып чыгып өбүштүрүү менен кыргыздын ыйманын, ырысын ушинтип туш-тараптан талкалап жатканын жазды.

Б. Аракеев А. Атамбаев менен Ө. Текебаевдин тымызын кармашы ачыкка чыкканын, мунун арты дагы жакшы эместигин жазып чыкты.

“Вечерний Бишкек” гезити бүгүнкү санын “Ботсаддын жанындагы авария” деген баш тема менен ачып, 5-микрорайон менен Ботаникалык бактын ортосунда “Бишкек жылуулук түйүнү” ачык акционердик коомуна таандык ысык суу толтурулган аккумлятордук килейген бак жарылганын, бактыга жараша мындан эч ким зыян тартпаганын кабарлады.

Ушул эле санда “Коркмазовдун абалы кадимкидей” деген макала жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG