Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Кыргызстан-Түркмөнстан: 15 келишимге кол коюлду

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев менен Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов эки өлкө ортосундагы кызматташуу боюнча 15 келишимге кол коюшту.

Алар айыл-чарба, саламаттык сактоо, маданият, туризм жана башка тармактарды камтыйт.

Жолугушуу жүрүшүндө түркмөн президенти Бердымухаммедов мынчалык көп келишим буга чейин Кытай менен гана жетишилгенин белгиледи.

Президент Атамбаев Түркмөнстан Ысык-Көлгө беш жылдыздуу мейманкана курарын айтып, эртеңден тарта ылайыктуу жер караларын маалымдады.

Ошондой эле тараптар унаа жаатында кызматташтыкты өнүктүрүп, учак, темир жана автоунаа жолун өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. (SDz/MTo)

XS
SM
MD
LG