Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Активисттер Борбор Азияда дин тутуу эркиндиги боюнча сунуш даярдады


Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандагы жарандык коом өкүлдөрү Борбор Азиядагы дин тутуу эркиндиги боюнча бирдиктүү сунуштарды даярдады. Өткөн жума соңунда Ысык-Көлдө уюштурулган талкууда динге байланыштуу мыйзамдарга жана мамлекеттик документтерге байкоо жүргүзүлдү. Жыйынды “Ачык позиция” коомдук фонду уюштурду.

Негизги маселе диний ишенимдеги адамдардын кийимине жана өзүн алып жүрүүсүнө бийлик тарабынан коюлуп жаткан чектөөлөргө байланыштуу болду. Айрыкча бул жаатта Тажикстанда абал оор экени сындалды. Аягында кабыл алынган сунуштарда диний ишенимдеги адамдар мыйзам нормаларын сактоого тийиш экени, алардын конституциялык укуктары да корголушу шарт экени жазылды. Бөлүк-бөлүктөн турган сунуштар дагы толукталып, тийиштүү органдарга берилет.

Талкууда мамлекеттердеги диний кырдаал өз-өзүнчө каралып, андан соң жалпы жагдай тууралуу ойлор ортого салынды. (SE)

XS
SM
MD
LG