Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24

Орусияга маңзат ташыган кыргыз жараны соттолду


Иркутск шаарынын Октябрь райондук соту кыргызстандык Санжарбек Мукашевди мыйзамсыз маңзат ташуу менен алектенгени үчүн 5 жылга эркинен ажыратты. Иркутск облусунун прокуратурасы тараткан маалыматка ылайык, Мукашев 2014-жылдын күзүндө кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал 500 АКШ доллар эмгек акы алуу үчүн 400 граммдан ашуун маңзатты ашказанына салып, Бишкектен Иркутск шаарына барганы аныкталган. Маңзат 79 майда капсулага өз-өзүнчө салынган.

Ал жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөйт. (SE)

XS
SM
MD
LG