Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Жихадга үндөгөн тасма боюнча кылмыш иш козголду


Кыргызстандыктарды жихадга чакырган видеокайрылуу жасаган жарандын тек-жайы аныкталып, тасмага боюнча кылмыш иш козголду. УКМКдан кабарлашкандай, тасмадагы жаран Токтогул районунун тургуну. Атайын кызмат кайрылууну өлкөнүн конституциялык түзүмүн бузууга, террордук актыларды уюштурууга багытталган аракет катары баалоодо.

Быйыл 25-июлда кыргызча жихадга чакырган инсандын кайрылуусу интернетке жарыяланган. YouTube сайтына жайгаштырылган тогуз мүнөттүк видеокайрылуу жарыялангандан алты сааттан кийин алып салынган.

Расмий маалыматтарга караганда, Сирия жана Ирактагы согушка 350 чамалуу кыргызстандык катышып жүрүшөт. (SE)

XS
SM
MD
LG