Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

БШК: 15 партия шайлоо фондун ачышты


Шайлоого катышуу ниетин билдирген 34 партиянын 15 шайлоо фондун ачышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Баатырова билдирди.

“Партиялардын шайлоо фонду 500 млн. сомдон ашпашы керек. Анын беш миллионун күрөөгө коет. Эгер партия 5% аз добуш алса күрөөдөгү акчасы БШКда калып, кийинки шайлоолорду өркүндөтүү максатына жумшалат. Учурда бир гана “Ата Мекен” партиясы күрөө акчасын төктү”, деп билдирди Г. Баатырова.

Мындан тышкары азырынча бир дагы партия курултайын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына берише элек. Тизме 20-августка чейин тапшырылышы керек.

Шайлоо ушул жылдын 4-октябрына белгиленген. (МТо)

XS
SM
MD
LG