Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

“Казакмыс” кыргыз бийлигине акчалай доо койду

Ала-Букадагы Бозумчак кенин иштетип жаткан “Казакмыс Голд Кыргызстан” ишканасы эки күндүк жол тосуудан 442 миң сом чыгым тартканын билдирип, жергиликтүү бийликке доо койду. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева билдирди.

“Нөөмөтчү жумушчулардын графиги бузулуп, техникалар жолдон өтө албай, ишкана чыгымга учураган. Алар бул чыгымды айыл өкмөт же облустук бийлик төлөп берсин, болбосо соттошобуз деп жатышат. Маселени азыр карап жатабыз”, деди Ж.Эгембердиева.

24-июлда Бозумчакка жакын жашагандар кенге кеткен жолду бууп салышкан. Жол тоскондор “Казакмыс Голд Кыргызстан” элдин айтканын аткарбай жатканын айтып, 70% жергиликтүүлөрдү жумушка алууну, жолго асфальт төшөөнү, экологиялык эрежелерди сактоону талап кылышкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG