Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

“Элдик лотерея” мамлекетке 31 млн. сомду кайтарып берди


“Элдик лотерея” соода маркасы менен иштеген «Райдер Ассошиэйтс Лимитед» ишканасы мамлекетке 31 млн. сомду кайтарып берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган ишкана жетекчиси Танжу Кылычтын жактоочусу Халича Зазазова билдирди.

Бир ай мурда "Элдик лотереяга" карата кылмыш иши козголуп, Танжу Кылыч жана башкы бухгалтер камалган. Ишканага лицензияны мыйзамсыз берген деген кине менен Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынын мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубековго издөө жарыяланган.

Аталган компаниянын лотереядан тапкан кирешесинин 10% мамлекетке түшүүсү керек болчу. Бирок Юруслан Тойчубеков компанияны бул төлөмдөн бошотуп, жыйынтыгында мамлекетке 31 миллион сом чыгым келтирилгени аныкталган. (EBM/MTo)

XS
SM
MD
LG