Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:49

Жума намазга барган окуучуларга чара көрүлөт


Быйылкы окуу жылында мечиттерде атайын рейддер уюштурулуп, сабак учурунда жума намазга барган окуучуларга атайын чара көрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева билдирди.

“Жаштар арасында диний-экстремизм жана радикализм өрчүп бараткан чакта биз мектептердеги окуучуларды андан оолак болууга үндөшүбүз керек. Мындан сырткары жума намазды шылтоолоп, жумушун үзгүлтүккө учураткан мамлекеттик жетекчилерди да тартипке чакырабыз”, деди Ж. Эгембердиева.

Облустагы 460тан ашуун мектептин айрымдарында жума күнү окуучулар намазга кетишкендиктен сабактар үзгүлтүккө учураган учурлар болгон.

Жалал-Абад облусунда 550гө чукул мечит катталган. (RsK)

XS
SM
MD
LG