Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:21

Адыгине көлү бөксөрдү


6-августта Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Ала-Арча капчыгайынын башындагы Адыгине көлүн бөксөртүштү. Мындай маалыматты “Азаттыкка” министрликтин байкоо жүргүзүү, болжолдоо департаментинин жетекчиси Анаркул Айталиев кабарлады.

“Быйыл күн катуу ысып, мөңгү эригенден улам көлдөр толо баштаган. Ошондуктан кооптуу деп эсептелген Адыгиненин суусун бүгүн эрте менен барып, кечке чейин азайттык. Сифон аркылуу секундасына 24 литр суу агызылды”, деди Айталиев.

ӨКМ адистери бир топ күн мурда Чүй облусундагы тоо көлдөрүн кыдырып азырынча калкка коркунучу жок деген бүтүмгө келишкен. (МТо)

XS
SM
MD
LG