Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

Франция кеме боюнча Орусияга төлөмөр болду


Франция -- Тик учак ташуучу "Мистраль" тибиндеги эки кеме.
Франция -- Тик учак ташуучу "Мистраль" тибиндеги эки кеме.

Франция тик учак ташуучу "Мистраль" тибиндеги эки кемени сатуу тууралуу келишимди бузганы үчүн Орусияга бир миллиард евродон ашуун акча төлөй турган болду. Бул тууралуу Франциянын коргоо министри Жан-Ив Ле Дриан RTL радиосуна билдирди.

5-августта Орусия менен Франция президенттери кеме алып-сатуу боюнча келишимди токтотуу боюнча биргелешкен чечим кабыл алган. Ага ылайык, Франция бермекчи болуп жаткан "Владивосток" жана "Севастополь" деп аталган эки кеме бул өлкөнүн өзүндө калат.

Наркы бир миллиард 300 миллион долларга тете бул келишимге 2011-жылы кол коюлган эле. Бирок Париж былтыр Орусия Крымды аннексиялап алышына жана Украинанын чыгышындагы окуяларга байланыштуу Евробиримдиктин санкцияларына таяп, келишимди аткарууну токтоткон.

XS
SM
MD
LG