Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Кыргызстандын имиджин интернет аркылуу көтөрүү талкууланат


Ысык-Көлдүн жээги.
Ысык-Көлдүн жээги.

Kyrgyz Union бирикмеси өлкө имиджин интернет аркылуу көтөрүп, туристтерди тартуу маселесин талкуулайт. Бүгүн Бишкектеги “Кабар” агенттигинде өтө турган жыйында ушул жааттагы сунуш-пикирлер ортого салынат.

Аталган бирикме дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде иш алып барат.

Кыргызстандын кооз табиятын жана туристтерди кызыктарган жерлерди видео, сүрөт баян менен интернет айдыңына чыгаруу демилгеси соңку жылдары көбүрөөк колго алына баштаган.

Өткөн жылы жайда Кыргызстанга 400 миңден ашык турист келген. Быйыл алардын саны миллиондон ашат деп божомолдонгон. (SE)

XS
SM
MD
LG