Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Орус акчасы дагы арзандады


Орус рублинин доллар менен еврого чаккандагы баасы дагы арзандады. Бүгүн эртең менен Москва фондулук биржасында бир евро 70, бир доллар 64, 4 рублга бааланды.

Былтыр жыл аягында орус рубли болуп көрбөгөндөй төмөндөп, өлкөдө дүрбөлөң жараткан. Андан соң рубль бир аз бекемделгени менен мурдагы калыбына келе элек. Бирок орус акчасы быйыл марттан бери мынчалык төмөн түшө элек эле. 16-мартта бир доллардын баасы 62 рублду чапчып токтогон.

Рублдун алсызданышы дүйнөдө мунайдын баасы арзандап кеткени жана Орусияга каршы санкциялар менен байланыштырылууда.

XS
SM
MD
LG