Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:38

Ооганстанда тик учак кыйрого кабылды


Өлкө түштүгүндө жайгашкан Шинкай районундагы тик учак кыйроосунан кеминде 17 киши каза тапты. Полиция бүгүнкү кырсыктан 12 ооган аскери менен экипаждын беш мүчөсү өлгөнүн кабарлады. Кыйроого техникалык мүчүлүштүк себеп болгону болжолдонууда. Атайын топ анын себептерин териштирүү үчүн окуя болгон жерге жөнөп кетти.

Ооганстандын аскер-аба күчтөрү Ми-17 үлгүсүндөгү 80ден ашык тик учакка ээ. Бүгүнгү кыйраган тик учак ошолордун бири болчу.

XS
SM
MD
LG