Бул тууралуу “Азаттыкка” партия лидери Төлөгөн Келдибаев кабарлады.
“Баш мыйзамдын 20-пунктунда жарандардын укуктарын кемсинтүүчү мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салынат деп жазылган. Бирок кайра эле Конституциянын парламент депутаттарын шайлоо тууралуу бөлүгүндө шайлоого катыша турган партиялар 5 млн сом төлөшү керектигин жазып жатат. Бул акчасы аз интеллигенция өкүлдөрүн парламентке алып келбөө дегенди билдирет”,- дейт Келдибаев.
Партия лидери Баш мыйзамдагы эркиндик жана шайлоо тууралуу пункттардын бири-бирине каршылыгын жокко чыгаруу талабы менен Конституциялык палатага кайрылды. (YI)