Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Орусиянын "кара тизмесиндеги" жаран башка паспорт менен кармалды


7-августта Ош-Москва рейсин каттоо учурунда көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери тарабынан башка бирөөнүн паспорту менен Орусияга бараткан жаран кармалганын Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Кыргызстандык 1968-жылкы А.С. аттуу жаран Орусия миграция кызматы тарабынан "кара тизмеге" киргизилгенин, ошондуктан башка бирөөнүн паспорту менен чыгып баратканын түшүндүргөн. Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран УКМКга өткөрүлүп берилди.

Орусиянын "кара тизмесиндеги" 80 миң чамалуу кыргызстандыкка 3 жылдан 10 жылга чейин ал жерге кирүүгө тыюу салынган. Жакында орус бийлиги аймагына 3 жылга кирүүгө тыюу салгандарды кечирди. (МТо)

 

XS
SM
MD
LG