Шайлоого катышууну көздөп жаткан партиялар келерки жуманын аягынан тарта курултайларын өткөрүп, таймашка түшчү талапкерлерин такташат.
“Азаттыкка” маалым болгондой, “Республика-Кыргызстан” - 15-августта, “Ата Мекен” - 16-августта, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” менен “Өнүгүү-Прогресс” - 18-августта, КСДП - 19-августта курултайларын өткөрүшөт. Калган партиялар курултай убактысын такташууда.
БШК партиялар 20-августка чейин тизмелерин тактап, борбордук комиссияга тапшырышын эскерткен.
4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышууга 34 партия ниеттенүүдө. (МТо)