Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Түркияда эки жаш үйлөнүү тоюна сириялык качкындарды чакырды

Түркиянын Килис провинциясында жаңы үйлөнгөн жубайлар - Фертулла Узумкуоглы менен Эзре Полат тоюна төрт миңден ашык сириялык качкынды чакырды. Алар айран, тоок этинен, күрүчтөн жасалган араб тамак-аштарын тартуулап, конокторду өз колдору сенен сыйлашаты. Тойго чогултулган акчаны качкындарды сыйлоого сарптоо демилгеси баланын кайрымдуулук уюмунда иштеген атасына таандык. Ал айланада ушунча адам ачка жүргөндө той өткөрүүнү туура эмес көргөн.

Сирияда согуш башталган 2011-жылдан бери Түркияга келген качкындардын саны 2 миллионго чукулдады. «Ислам мамлекети» кыймылынын согушкерлеринин айынан үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгондордун көбү түрктөрдүн Килис провинциясына келип жайгашууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG