Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:10

Каракол: биометрикалык маалымат тапшырууга келгендер аз


Каракол шаарындагы 24 шайлоо тилкесинде бүгүн биометрикалык маалымат тапшырган жарандарды сынактан өткөрүү жараяны жүрүүдө. Ага ылайык жыйналган биометрикалык маалыматтардын негизинде колдун мөөрү текшерилип, жарандар тизмеден такталат.

Шаардык мэриянын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Анара Сартова, ар бир шайлоо тилкесинен 100дөн адам чакырылганын, бирок азыркы сааттарга карата 24 шайлоо тилкесинде болгону 70 адам сынактан өткөнүн “Азаттыкка” билдирди.

- Анын ичинен эски паспорт колдонуп жүргөн 10 киши тизмеден чыкпай калды, айрымдарын болсо аппарат кабыл албай, тизме тактоодо кыйынчылыктар жаралууда, – деди Сартова.

Учурда Каракол шаарында 35 миңге жакын адам биометрикалык маалыматын тапшырды, ал эми калаада жалпы шайлоочулардын саны 48 миң 312. (AsA)

XS
SM
MD
LG