Рейтер агенттиги билдиргендей, санкциянын тизмегине Орусиянын энергетикалык ишканалары камтылды. Анын ичинде “Газпромдун” Түштүк-Кириндеги газконденсаттык кени да бар.
Соода маселелери боюнча АКШнын юридикалык консультанты Дуглас Жекобсондун айтуусунда, аталган кен менен америкалык ишкерлер экспорт жана реэкспорт боюнча келишим түзүүгө тыюу салынат. Ошондой эле АКШнын 25 пайыз үлүшү бар башка өлкөдөгү компаниялар дагы санкцияга кирген кен менен иштешүүгө болбойт.
30-июлда АКШ Орусиянын бир катар ишканасына жана жарандарына чектөөлөрдү киргизген эле. Ал эми Евробиримдик буга чейинки киргизген санкциясын Орусияны Минск келишимин аткарбаганына таянып, дагы бир жылга узарткан.
АКШ жана Евробиримдик Крымдын аннексияланышына жана Украинадагы аскердик кагылышка катыштыгын айтып, 2014-жылдын март айында Орусияга карата биринчи санкцияны киргизген. (SDz)