Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

“Ак жол” өткөрмө пункту убактылуу жабылат


Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнө байланыштуу 12-августта эртең мененки саат 8ден 13:00гө чейин “Ак жол” өткөрмө пунктун жабат.

Бул маалда кыргыз-казак чек арасынан бардык түрдөгү автоунааларга жана жөнөкөй жарандарга өтүүгө тыюу салынат. Чек ара кызматы бул күнү "Чалдыбар", "Кең-Булуң", "Ак-Тилек" өткөрмө бекеттеринен өтүүнү сунуштайт.

6-августта премьер-министр Темир Сариев Кыргызстан үчүн Евразия экономикалык биримдигинин чек арасы эмки аптадан тарта ачыларын айткан. Буга байланыштуу өкмөт башчы тиешелүү органдарга чек араларды ачууга даярданууну жана жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырган эле. (SDz)

XS
SM
MD
LG