Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

“Карагат фест” кийинки жылы Ак-Суу районунда өтөт


“Карагат фест” мөмө-жемиш фестивалынын кийинки эстафетасын Түптөн Ак-Суу району өткөрүп алды. Иш-чара Кыргызстанда быйыл үчүнчү жолу уюштурулуп, буга чейин Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда өткөн. Расмий эмес сандарга караганда, Ысык-Көл облусунан жыл сайын 50 тоннага жакын карагат, кулпунай жана бүлдүркөн экспорттолот.

Адистер көлдө мөмө-жемиштин көлөмүн көбөйтүүгө алгач ирет суу тартыштыгы себеп болуп жатканын айтышат. Мындан сырткары мөмө-жемиштерге баалар арзан болуп, дыйкандардын эмгеги акталбай калууда.

Кыргызстан ЕАЭБге кирсе мөмө-жемишке да баалар жогору болот деген үмүт быйыл да ишке ашпаганын, бирок дубанда мөмө-жемиштин түшүмдүүлүгү аз болуп, бул жылы дыйкандар карагат, малинаны былтыркыга салыштырмалуу кымбат сатып жатышканын белгилешти.

“Карагат фест” буга чейинки жылдарда Тоң районунда өтүп келген. (AsA)

XS
SM
MD
LG