Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:57

Нагасакиде атомдук чабуулдун курмандыктары эскерилүүдө


Жапониянын Нагасаки шаарында атомдук чабуулдун 70 жылдыгын эскерүү иш-чарасы өтүүдө. Би-Би-Си маалымдагандай, иш-чара бир мүнөттүк аза күтүү менен башталып, шаар мэри Томихиса Тауэ жана премьер-министр Синдзо Абэ сөз сүйлөштү.

Өз сөзүндө Абэ дүйнөнү атомдук куралга каршы күрөшүүгө чакырды. Иш-чарада БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун: “Нагасаки атом бомбасы ташталган акыркы шаар болуш керек. Келечекте массалык өлтүрүүчү куралды колдонууга жол бере албайбыз. Мындан ары эч кандай Нагасаки жана Хиросима” деген кайрылуусу окулду.

Нагасакидеги бомбалоодо 70 миңден ашык адам набыт болгон.

70 жыл мурун АКШнын аба күчтөрү алгач Кокура шаарын бутага алган. Бирок булуттар тоскоол болуп, бомба Нагасаки шаарына ташталган. Бир нече күндөн кийин Жапониянын армиясы артка чегинип, Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG