Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Жарандык авиация эл аралык стандартка шайкеш келтирилет

Буга байланыштуу мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Аба кодексинде жана “Кыргыз Республикасынын Аба кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамында жарандык авиация тармагын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарына жана тажрыйбасына шайкеш келтирүү каралган. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, аба кодекси расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргызстандын жарандык авиация кызматы жана авиакомпаниялары 2006-жылдын аягында “кара тизмеге” киргизилген. Эл аралык жарандык авиация жана Евробиримдиктин өкүлдөрүнөн турган эксперттер тобу ошол мезгилде Кыргызстанда мыйзамдык база эл аралык жарандык авиациянын талаптарына туура келбегендигин, авиакомпаниялардын ишиндеги учуу коопсуздугун, авиация кызматынын ишмердүүлүгүн сындаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG