Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Пентагон Түркияга алты F-16 учагын жиберди


АКШ жекшембиде "Ислам мамлекети" террордук уюму менен күрөшүү үчүн алты учак жана үч жүз аскер кызматкерин Түркиядагы "Инжирлик" аскер базасына жиберди. "Инжирлик" - Түркиянын түштүгүндө деңиз жээгинде жайгашка аскер база. Жакындан бери АКШ менен Түркиянын биргелешкен аскер базасы катары кызмат өтөөдө.

АКШ менен Түркия “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы күрөшүү үчүн бириккен коалициянын мүчөлөрү.

Коңшулаш Сирия менен 900 чакырым чек ара тилкеси бириктирип турган Түркия Сириядагы согуштан улам коопсуздукту бекемдөө аракеттерин күчөткөн.

"Инжирлик" аскер базасы АКШнын ИМ тобу көзөмөлгө алган аймактарга эң жакын аскер базасы болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG