Линктер

шейшемби, 30-май, 2017 Бишкек убактысы 15:32

Пакистанда бачабаздыкка шектелген жети киши камалды


Пакистанда бачабаздык тууралуу маалыматты иликтөө учурунда 7 киши камалды.

Жүздөн ашуун баланын зордукталышы тууралуу маалыматты иликтөөнү Пенжаб провинциясынын башкы министри тапшырган. Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, кылмыштуу топ өспүрүмдөрдү зордуктоолорду тасмага түшүрүп, алардын ата-энелерине чагымчылык кылышкан. Маалыматка караганда, чуу Касур шаарына жакын жайгашкан айылдан чыккан. Жабырланган кожолуктун өкүлү тасмада 300 чамалуу бала көрсөтүлгөнүн, бул айылдагы ар бир экинчи бала экенин билдирген.

Өткөн жумада жергиликтүү эл зордукчуларды тыюу аракетин жасабаганы үчүн нааразылык билдирип чыгышкан, андан 20 чакты киши жабыркаган.

XS
SM
MD
LG