Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Алыш: Азия чемпиондугунан үч алтын


Ирандын борбору Тегеран шаарында «Алыш» белбоо күрөшү боюнча VI Азия чемпиондугунан кыргыз балбандары 3 алтын, 2 күмүш жана 3 коло байгеге ээ болушту. Спорттун аталган түрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, мелдеш 6-7-август күндөрү өтүп, Кыргызстандын намысын коргоого 10 балбан чыккан. Эркектер арасында 70 килограммга чейинки салмакта Мырзабек Кочкоров, кыз-келиндер арасында 60 килограммга чейинки салмакта Мээрим Момунова жана 70 килограммдан жогорку салмакта Нагира Сарбашова алтын медаль тагынып, Азия чемпиону болушту.

Күмүш байгелерге эркектер арасында 100 килограммдан ашуун салмактагы Кубанычбек Көкүмов менен кыз-келиндер арасында 75 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Назира Азизбекова ээ болушту. Коло байгелерди 60 килограммга чейинки Искендер Өскөнбаев, 80 килограммга чейинки Эсенбек Кудайбергенов жана 100 килограммга чейинки топтогу Кадыр Келсинбеков жеңип, командалык эсепте Кыргызстандын эркектер арасында курамасы 2-орунду, кыз-келиндер арасындагысы 3-орунду ээлешти.

VI Азия чемпиондугуна Азиянын 11 өлкөсүнөн 130 балбан катышты. (ECh)

XS
SM
MD
LG