Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Тажик тараптан ок жеген кыргыз чек арачынын абалы туруктуу


Баткенде тажик тараптан белгисиз бирөөлөрдүн огунан жараат алган кыргызстандык чек арачынын абалы канааттандырарлык, азырынча ал ооруканада. Бул тууралуу бүгүн Чек ара кызматынан кабарлашты.

Расмий билдирүүгө караганда, окуя өткөн ишемби, 8-августта Баткен районунун Көчө-Карын айылында, кыргыз-тажик чек арасында болгон. Баткен чек ара отрядынын аскерлери 15 чакты тажик жаранынын чек араны мыйзамсыз өтүүсүнө бөгөт коюшкан. Алардын бирөө кармалып, тозотко алынып баратканда тажик тараптан ок атылган. Натыйжада кыргызстандык чек арачы бутунан жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Учурда чек арада абал туруктуу, окуя иликтенүүдө. Өткөн аптада да Баткенде эки республиканын жарандарынын ортосунда чыр чыккан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG