Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт

11-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында көпчүлүк аймактарда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана тоолуу райондордун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 14...19, күндүз 28...33,
Таласта түнкүсүн 7...12, күндүз 26...31,
Баткенде түнкүсүн 10...15, күндүз 28...33,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 14...19, күндүз 29...34,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,
Нарында түнкүсүн 7...12, күндүз 24...29,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 29…31 градус болот.

XS
SM
MD
LG