Кабул абамайданынын полиция бекетинде автоунаачан жанкечти бомба жардырып андан 7 адам, арасында бир бала набыт болгонун Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Твиттерде кабарлады. Өлгөндөрдүн арасында полициячылар да бар, деп билдирди Ички иштер министрлиги. Азырынча бомба чабуулун ким уюштурганы белгисиз.
7-августта Кабулдагы ушундай жардыруудан 51 адам набыт кетип, 300 чамалуу адам жарадар болгон.