Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:58

Мырзакматовдун соту 17-августта уланат


Ош облустук соту экс-мэр Мелис Мырзакматов боюнча сот жараянын 17-августта улантат. Мындай чечим бүгүн чыкты.

Мырзакматовдун жактоочулары Ош шаардык сотунун ага карата өкүмүнүн мыйзамдуулугун кароону өтүнүп Конституциялык палатага кайрылышканын, ошондуктан облустук сот өз жараянын токтото турушу керектигин сурашты. Бирок облсот ал суранычты канааттандырган жок.

Соттун адилет өтүшүн талап кылып митингге чыккан тарапкерлер соттук кароонун жылдырылганын уккандан кийин тарап кетишти.

Ош шаардык соту Мырзакматовду мэр болуп турганда эстакада көпүрө курууга 29 миллион сомду мыйзамсыз короткон деген айып менен 22-июлда сыртынан соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан. Бүгүн облустук сотто бул өкүмгө карата апелляциялык арыз ачык каралды.

Экс-мэрдин тарапкерлери бүгүн облустук сот алдына митингге чыгышты. Уюштуруучулар 2000, ал эми милиция 200 гана киши болгонун билдирди. Көз каранды эмес байкоочулар чогулгандардын саны 1000 чамалуу экенин айтты.

Мырзакматов өзүнө карата айыпты “саясий куугунтук” деп атап, өлкөдөн чыгып кеткен. Азыр ал издөөдө. (YI)

XS
SM
MD
LG