Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Пакистанда бачабаздык кылган деп шектелген адамдар кармалды


Балдары бачабаздыкка кабылган аялдар "Ройтерстин" кабарчысына маек беришүүдө. Пенжаб провинциясынын Хусейн Хан Вала кыштагы, 9-август 2015
Балдары бачабаздыкка кабылган аялдар "Ройтерстин" кабарчысына маек беришүүдө. Пенжаб провинциясынын Хусейн Хан Вала кыштагы, 9-август 2015

Пакистан полициясы балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөн жана аларды маскаралаган видеолорду тараткан деп шектелген 7 кишини камакка алды. Тергөөчүлөр 18-19 күбөнү суракка алууда деп билдирди Пенжаб провинциясынын Казур райондук полициясынын акими Шахзад Султан. Анын айтымында, бул окуяга тиешеси бар деп шектелген дагы 10 адам жакында кармалат. 4-августта кордук көргөн балдардын үй-бөлөлөрү видеодогу зөөкүрлөргө каршы чара көрүлбөдү деп, полиция менен чырлашкандан кийин окуя коомчулукка ашкере болгон.

Талдоочулар бачабаздык Пакистан үчүн жаңылык эмес экенин, бирок мындай окуя уюмдашкан бачабаздык тууралуу биринчи сот иши болушу ыктымал деп боолгошот.

XS
SM
MD
LG