Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Казакстандагы автокырсыкта жабыркагандарга акчалай жардам берилди

7-августта “Алматы-Екатеринбург” жолунда болгон автокырсыкта набыт кеткен үч кыргызстандыктын үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан төрт кишиге президент Алмазбек Атамбаев социалдык коргоо жана колдоо фондунан 700 000 сом жардам бөлдү. 

Мындай жардыкка мамлекет башчы 10-августта кол койду.

7-августта Алматы-Екатеринбург унаа жолунда Астана-Чымкент багытында бараткан “Сетра” автобусу «Тойота Ипсум» автоунаасы менен бетме-бет кагышкан. “Сетра” автобусундагы жүргүнчүлөрдүн баары тирүү экени кабарланган. Ал эми «Тойота Ипсум» автоунаасынан үч киши набыт болуп, төртөө жаракат алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG