Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Быйылкы ажылык сапар 25-августта башталат


Ажыга баруучу зыяратчылардын алдыңкы тобу 25-августта Медина шаарына Оштон учуп кетишет. Ал эми Бишкектен алгачкы каттам 27-августа учат. Зыяратчылардын акыркы тобу 11-сентябрда Мединага багыт алышат.

Кыргызстандык зыяратчылардын ажылык сапары аяктаган соң, Меке шаарынан кайтуусу 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин болот.

Учурда ар бир облуста ажы башчылар ажыга бара турган жарандар менен жолугушуп, аларга ажылыктын тартиптерин, ажылык амал туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, атайын сабактарды өтүшүүдө.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл Сауд Арабиясынан ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 3685 орун бөлүнгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG