Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:42

Кордолгон бейтаптардын укугу талкууланды


Бейтаптардын укугун коргоодо Саламаттыкты сактоо министрлиги ыкчам реакция жасап, жакшы иштөөдө, бирок анын алдындагы мекемелер кемчиликтерге жол берип жатат. Мындай пикирин бүгүн министр Талантбек Батыралиев менен жолугушууда акыйкатчынын милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиева билдирди.

Жолугушууда ооруканага кайрылган жарандардын укугунун корголушу, айрыкча зомбулукка кабылган балдар тууралуу сөз болду. Министр Батыралиев жабыркагандар биринчи кезекте ооруканага кайрыларын, ар бир окуя боюнча документтер тартип коргоо органдарына тапшырыларын, бирок көпчүлүк иштер сотко жетпей эле жабылып, күнөөлүүлөр жазасын албай калып жатканын айтты.

Укук коргоочулардын айтымында, соңку кезде балдарга карата зомбулук күчөп жатат. Тобокелдик тобунун негизи бөлүгүн ата-энеси мигрант болуп кеткен балдар түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG