Кыргызстанда эски үлгүдөгү паспортторун ID картага алмаштырууга милдетүү жарандардын саны бүгүнкү күндө 100 миңдин тегерегинде. Бул тууралуу "Азаттыкка" Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин директору Дүйшөн Сатыбалдиев билдирди.
Сатыбалдиевдин белгилешинче, буга чейинки кызыл жана көк мукабадагы ички паспорттор менен жарандар шайлоого катыша албайт жана алардын чет мамлекеттерге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок:
- Быйыл шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизилип, Кыргызстандын ичинде 2004-жылкы үлгүдөгү ID карта, ал эми чет жакта жүргөндөр жалпы жарандык паспорту менен гана добуш бере алат деген талап коюлду. Ошондуктан 1994-жылкы көк жана 1974-жылкы кызыл паспортторду алмаштыргыла деп суранып жатабыз.
ID карта 2 аптада жасалат, баасы 170 сом. Өткөн айдан бери Мамкаттоо кызматы 60 жаштан улуу жарандарга ID картаны бекер жасатып берүүдө. Бир ай ичинде 5,5 миңге жакын улгайган жаран бекер паспорт алды. Бул өнөктүк дагы уланууда. (RK)