Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:22

Баткен согушунун курмандыктары эскерилди

Бүгүн Бишкектин четиндеги №73809 аскердик бөлүктө Баткен согушунун курмандыктары эскерилди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Митинг-реквиемге бул согуштун ардагерлери, курман болгондордун жакындары катышты.

1999-2000-жылдары Баткен облусунун Зардалы, Кожо Ашкан айылдарына экстремисттик топтордун куралчан өкүлдөрү кирген. Алар менен кармашта Кыргызстандын 54 жоокери окко учкан. (RK)

XS
SM
MD
LG