Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Айдаркендин мэрин иштен алуу талабы коюлууда


Баткендеги Айдаркен шаарынын депутаттары мэр Момун Мукумовдун ишин канааттандырарлык эмес деп табышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык кеңеш төрагасы Арапбай Гайназаров бирдирди.

Анын айтымында, 3-августта Мукумовдун алты айлык отчету угулуп, жыйынтыгында 21 депутаттын 16сы мэрдин ишин канааттандырарлык эмес деп табышкан. Аны иштен алуу тууралуу токтом долбоору өкмөт башчы Темир Сариевге жөнөтүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык жергиликтүү кеңеш депутаттарынын үчтөн эки бөлүгүнүн добушу менен мэр иштен алынат. (YI)

XS
SM
MD
LG